Президент Сооронбай Жээнбеков Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда Кыргызстанга расмий визит менен келген Австрия Республикасынын Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе менен жолугушту.
Кыргыз-австрия кызматташтыгынын азыркы абалы жана мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин президентинин расмий визити өлкөлөрдүн биргелешкен өз ара аракеттешүүсүн тереңдетет.
Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Кыргызстан парламенттик демократияны куруу боюнча Австрия менен тажырыйба алмашууга кызыкдар.
Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча чараларды жеке талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин белгиледи.
Ал баса белгилегендей, Австрия тарап Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы парламенттик өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүн кошумчалады.
Инго Аппе ошондой эле өлкөдө парламенттик демократияны куруу жана өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









