KELECHEK
rek

Самаркандда дарыгерлердин «катасынан» улам келин чоочун наристенин денесин жерге берген

Самаркандда дарыгерлердин «катасынан» улам келин чоочун наристенин денесин жерге берген

Быйыл 28-февралдан 1-мартка чейин Самарканддын облустук перинаталдык борборунда беш наристе чарчап калган.

Алардын бири 28-февралда 21 жаштагы Гүлжахон Каримова аттуу келинге берилген. Бирок туугандары ДНК анализ аркылуу ал наристе Каримованыкы эмес экенин аныкташкан.

«Алгач бизге кыз төрөлгөнүн айтышкан. Бирок чарчап калды деп эркек баланы алып келип беришти. Биз шектенип ДНК анализге бердик. Анын жыйынтыгы баланы жерге бергенден төрт ай өткөндөн кийин чыкты. Ал баланын 100 пайыз биздики эмес экенин көрсөттү», — деди Гүлжахон Каримованын апасы.

Ал буга байланыштуу аларда шектене турган жагдайлар көп болуп жатканын кошумчалады. «Алар биздин баланы атайылап башка бирөөнө берип коюшкан же байкабастан төрөт үйүндө чарчап калган башка балдар менен алмаштырып алышкан. Дарыгерлер ал күнү төрөт үйүндө беш наристе чарчап калганын айтышты. Эгер биздин кыз тирүү болсо жакшы, бирок башка чарчап калган балдар менен чаташтырып алышса анын сөөгүн кайсыл мүрзөдөн издейбиз?», — деп суроо салды келиндин апасы.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул фактыны ырастап, Кылмыш кодексинин 124-беренеси менен иш козголгонун билдиришти.

Самарканд облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү ал бул окуя боюнча эч нерсе билбей турганын айтты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...