«Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттерине кол салган айдоочу айыппул төлөйт
Шохмансур райондук сотунун имараты
Душанбенин Шохмансур райондук соту «Азаттык» радиосунун тажик кызматынын журналисттерине кол салган автобус айдоочусун Административдик кодекстин «Майда бейбаштык» беренесин бузган деп таап, 385 сомони (40 долларга жакын) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирди.
Журналисттер өткөн жумада коомдук транспорттун иши жөнүндө видеоматериал даярдап жүргөндө автобус айдоочусу менен кондуктордун кол салуусуна кабылышкан.
Сотто айдоочу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Бирок ошол эле маалда ал журналисттер Шодмони Ятим менен Алишер Зарифи өздөрүн тааныштырбастан эле айдоочу менен кондуктордун ишин видеого тарта баштаганын билдирди. «Алардын ким, кайдан экендиги чекелеринде жазылып турган жок да. Журналисттер экенин мен кайдан билейин? Аларда атайын кийимдери жок болчу», — деди Зоиров.
Бирок сотко жабырлануучу катары катышкан журналист Алишер Зарифи алгач алар өздөрүн тааныштырышканын, бирок айдоочу менен кондуктор видеого тартууга уруксат бербей, каршылык көрсөтүп, аларды сөгүп, опузалашканын айтты.
Окуя 13-июнда баш калаадагы «Садбарг» соода борборунун алдында болгон. Анда кабарчылар тартып алган видеодо автобус айдоочусунун сөгүнгөн сөздөрүн, коркутуп-үркүтүүлөрүн угууга болот.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









