KELECHEK
rek

АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскерин жөнөтөт

АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскерин жөнөтөт

Иллюстрациялык сүрөт

АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскер кызматкерин жөнөтөт. Тиешелүү буйрукка өлкөнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шэнахан кол койду.

Пентагондун билдирүүсүндө бул Ирандын аймактагы душмандык аракеттерине жооп экени белгиленген.

​АКШнын Коргоо министрлиги 17-июнда Оман булуңунда эки мунай танкерине кол салууга Ирандын катышы бар деген мазмундагы кошумча сүрөттөрдү жарыялаган. Иран бул чабуулга тиешеси бар экенин четке кагууда.

Кечээ Тегеран 27-июнга карата байытылган урандын көлөмүн 2015-жылдагы келишимде көрсөтүлгөн чектен ашыра турганын эскерткен. Ага чейин Ирандын президенти Хасан Роухани эгер өзөктүк макулдашууга кол койгон тараптар эч кандай «оң» белги бербесе, анда Тегеран документте белгиленген шарттарды аткаруудан баш тарта берерин билдирген.

Кошмо Штаттар өзөктүк келишимди адилетсиз деп атап, андан былтыр майда чыгып кеткен. Ал макулдашууга ылайык, Иран өзөктүк куралды иштеп чыгуусун токтотуп, бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген санкциялар акырындык менен алынмак. Вашингтон макулдашуудан чыккандан кийин Иранга карата киргизилген айрым санкцияларды кайрадан калыбына келтирген.

Бир ай мурда Пентагон Жакынкы Чыгышка бир жарым миң аскер кызматкерин жөнөтүп, бул кадамын Иран менен болгон мамиленин курчуп кеткендиги менен түшүндүргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52