Тажикстан менен Кытай кызматташуу тууралуу 18 документке кол койду
Душанбеде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен тажик президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрүнөн кийин кызматташтык тууралуу 18 документке кол коюлду. Алардын арасында инвестиция, айыл чарба, терроризмге каршы күрөшүү жана биргелешкен жаңы ишканаларды ачуу келишимдери бар.
Си Цзиньпин Душанбеге мамлекеттик сапары менен Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммитинин алкагында барган.
15-июнда эки лидер Душанбенин борборуна 1,5 миллиард юанга бааланган өлкөнүн жаңы парламент имаратын куруу тууралуу долбоорго кол коюшту. Ошондой эле тараптар терроризмге, сепаратизмге, улуттар аралык кылмыштуу топторго, мыйзамсыз маңзат сатууга жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча макулдашууларга кол койгону кабарланууда.
Мындан тышкары Рахмон менен Си Цзиньпин 2020-жылы өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүү тууралуу макулдашты.
Маалыматтарга караганда, былтыр эки өлкө ортосундагы соода-сатык көлөмү 1,5 миллиард доллардан ашкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









