KELECHEK
rek

Казакстанда 273 миң үй-бүлө даректүү социалдык жардам алды

Казакстанда 273 миң үй-бүлө даректүү социалдык жардам алды

Казакстанда 1-апрелден бери 273 миң үй-бүлөгө даректүү социалдык жардам катары 55 миллиард теңге берилди. Бул тууралуу 15-июнда Коомдук кеңештин алдында отчёт берген өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев билдирди.

Анын айтымында, ар бир муктаж үй-бүлө орточо эсеп менен 105 миң теңгеден (272 доллар) жардам алды.

Быйыл жыл башында Астанада өрттөн беш бир тууган кыз каза болгондон бери көп балалуу энелер Казакстандын бир нече ири шаарларында нааразылык акцияларын уюштуруп келишет. Алар жөлөкпулду көбөйтүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну жана башка бир катар маселелерди чечип берүүнү талап кылышууда.

21-февралда Казакстандын ал кездеги президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттү калк менен иштей алган жок деп сындап, премьер-министр Бакытжан Сагинтаев башында турган министрлер кабинетин отставкага кетирген.27-февралда «Нур Отан» партиясынын съездинде Назарбаев көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөрдүн ар бир баласына бериле турган даректүү социалдык жардамдын өлчөмүн 21 миң теңгеге чейин көбөйтүүнү тапшырган.

3-июнда ондогон көп балалуу эне Акордонун алдына чогулуп, президент Касым-Жомарт Токаев менен премьер-министр Аскар Маминден турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылышкан. Бийлик учурда бул багытта түрдүү долбоорлор иштелип чыгып жатканын билдирүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13