Жээнбеков Тажикстандагы саммитте уран маселесин көтөрдү
15-июнда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммитинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Борбор Азиядагы уран маселесине кайрылды.
Жээнбековдун айтымында, уран калдыктары көмүлгөн жайлар - аймактык деңгээлдеги маанилүү маселелердин бири жана ал мурдагы СССРден калган коркунучтуу мурас. Бул маселени чечиш үчүн Кыргызстан 2018-жылы эл аралык деңгээлде бир катар иш-чараларды уюштурган.
«БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын демилгеси менен Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алуу боюнча резолюция кабыл алды. Биз айлана-чөйрөнү коргоо багытында өз ара кызматташтык болот деп ишенебиз. Учурдан пайдаланып, Орусия, Казакстанга жана чет элдик өнөктөштөргө уран калдыктарына байланышкан көйгөйдү чечүүдө олуттуу жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирем», - деди ал.
Июндун башында кыргыз өкмөтү өлкөдө уранды изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салган. Бул чечимге май айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чыккан нааразылык түрткү болгон.
Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтотуп, парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Ошол эле кезде өкмөт салган тыюунун радиоактивдүү элементтердин калдык сактоочу жайларын жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге тиешеси жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан 92 уу калдык сактоочу жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









