БУУ Казакстанды адам укуктары боюнча милдеттемелерин аткарууга үндөдү
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгы Казакстандагы жапырт кармоого тынчсыздануусун билдирди. Уюм өлкө бийлигин адам укуктары тармагындагы милдеттемелерин аткарууга үндөдү.
«Казакстан бийлигинин 9-июнда өткөн президенттик шайлоо учурунда тынч демонстранттарга, активисттерге жана журналисттерге болгон мамилеси тынчсызданууну жаратат, – деп айтылат билдирүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары башкармалыгынын Борбор Азия боюнча кеңсесинин башчысы Ришарда Коменда өз пикирин эркин билдирүү жана тынч жыйындарга чогулуу ийгиликтүү жана динамикалуу коомдун негизи экенин, буларды чектөө туруктуулукка доо кетирерин айтты.
Буга чейин Нур-Султан жана Алматы шаарларында мыйзамсыз митингдерге катышканы үчүн сот 957 адамды административдик жазага тарткан.
Алардын ичинен 670 адам 6 күндөн 15 күнгө чейин камакка алынган, 115 адам айып төлөгөн. 172 адамга эскертүү берилген.
Казакстанда уруксат берилбеген митингдер 9-июнда, мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо күнү, андан кийинки эки күн бою өткөн. Бир эле күндө полиция 700гө жакын адамды камакка алган.
9-июнда өткөн кезексиз шайлоодо Касым-Жомарт Токаев 70 пайыздан ашык добуш алып жеңишке жеткен. Экинчи орунда оппозициялык саясатчы Амиржан Косанов, үчүнчү орунда Дания Еспаева турат.
Оппозициянын өкүлдөрү жана эркин байкоочулар шайлоодо мыйзам өтө көп бузулганын, Токаевдин пайдасына бюллетендер уучтап ташталганын билдирип жатышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









