Өзбекстанда 23 жыл абакта отуруп чыккан саясий туткун өзүн актоону талап кылууда
12-июнда Өзбекстандын Жогорку соту мурдагы саясий туткун, Өзбек ССРинин Жогорку кеңешинин экс-депутаты Самандар Кукановдун өзүн актоо тууралуу жазган доо арызын карады. Бул тууралуу сот отурумуна катышкан «Эзгулик» коомдук уюмунун өкүлү Абдурахман Ташанов билдирди.
«Сот залына кирүүгө эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Отурумга коомчулук өкүлдөрүнөн тышкары укук коргоочулар жана «Хьюман Райтс Вотч» уюму менен дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү дагы катышты», — деди Ташанов.
Анын айтымында, отурумдун жүрүшүндө 1993-жылы Самандар Кукановго тагылган «Пара алуу», «Коррупция» жана «Кылмыштуу топ түзүү» айыптары окулду. Бирок Куканов менен анын адвокаты анда кылмыш иши маркум президент Ислам Каримовдун режими тарабынан ойдон чыгарылган негиздер менен козголгонун билдиришти.
Бул иш боюнча кезектеги соттук отурум 3-июлга белгиленди.
Өзбек ССРинин Жогорку кеңешинин мурдагы депутаты 1993-жылы кармалып, өлкөнүн Жогорку соту тарабынан 20 жылга соттолгон. Кийин анын жаза мөөнөтү дагы үч жылга узартылып, эркиндикке 2016-жылы октябрда чыккан. Куканов эгемен Өзбекстандын тарыхындагы эң узак камакта жаткан саясий туткун болуп эсептелет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









