KELECHEK
rek

Алматыда полиция 200дөн ашуун кишини кармап кетти

Алматыда полиция 200дөн ашуун кишини кармап кетти

12-июнда Казакстандын Алматы шаарында полиция 200дөн ашуун кишини кармап кетти.

Тартип сакчылары алар тургундарды уруксат берилбеген митингдерге чыгууга үндөгөнү үчүн кармалышканын билдирүүдө.

“Азаттыктын” казак кызматы кабарлагандай, Нур-Султан шаарынын көчөлөрүнөн дагы көптөгөн полиция кызматкерлерин көрүүгө болот. Шаардын чок ортосу курчоого алынган, ал жерде эки эвакуатор бир нече кичиавтобус токтоп турат.

Шымкентте дагы Аль-Фараби аянтынын аймагы курчоого алынган.

9-10-июнда аталган үч шаарда Казакстандын президентин шайлоого байкот жарыялаган каршылык акциялары өткөн.

“Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын башчысы Мухтар Аблязов 12-июнда казакстандыктарды митингге чыгууга үндөгөн.

​Казакстанда кыймыл экстремисттик деп табылган, Аблязов өзү чет өлкөдө жүрөт, мекенинде ал 20 жылга түрмөгө кесилген.

Казакстанда сонку күндөрү мобилдик байланыш дагы үзгүлтүккө учуроодо. “Настоящее Время” телеканалынын кабарчылары бардык мессенжерлер начар иштеп жатканын билдиришүүдө.

Казакстанда нааразылык акциялары президенттик шайлоодон бери уланууда. 9-10-июнь күндөрү Алматы жана Нур-Султан шаарларында 700гө жакын адам кармалды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53