KELECHEK
rek

HRW БУУ комитетин Тажикстандагы саясий туткундардын тагдырына көңүл бурууга чакырды

HRW БУУ комитетин Тажикстандагы саясий туткундардын тагдырына көңүл бурууга чакырды

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетин Тажикстандагы адам укуктарынын абалы талкууланган маалда бул өлкөдөгү «абийир туткундарынын» тагдырына көңүл бурууга чакырды.

Быйыл июлдун башында Женева шаарында өтө турган БУУнун адам укуктары боюнча комитеттинин кезектеги сессиясында Тажикстан өлкөдө адам укуктарынын сакталышы, ошондой эле Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын аткарылышы боюнча баяндама жасайт.

Human Rights Watch уюмунун 11-июнда жарыяланган билдирүүсүндө 2014-жылдан бери Тажикстанда 150дөн ашык адам саясий негиздер менен козголгон кылмыш иштери боюнча түрмөгө камалганы жазылган. «Катаал чаралар бийликти сындагандардын бардыгына карата колдонулууда. Ал эмес социалдык түйүндөрдө бийликтин саясатына каршы пикир айткан колдонуучулар дагы 5-10 жылга соттолду», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Тажикстандын бийлиги өлкөдө саясий негизде камалган адамдар жок экенин билдирип келет. Бирок жергиликтүү оппозиция башка кылмыштар үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын көбү чынында саясий көз караштары үчүн камалганын белгилөөдө.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча 2015-жылдан бери тажик бийлиги өлкөнүн сыртында жүргөн оппозициялык көз караштагы адамдардын туугандарына каршы өнөктүк жүргүзүп келет. Анын алкагында жарандарды мыйзамсыз камоо, паспортторун алып коюу жана чет өлкөлөргө чыгууга тыюу салуу учулары катталган.

БУУнун адам укуктары боюнча комитети Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын жобосуна ылайык түзүлгөн. Анын курамында 18 эксперт бар. Алар комитетке мүчө өлкөлөр тарабынан документте каралган саясий жана жарандык укуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндамалар менен таанышып турушат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53