KELECHEK
rek

Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришти

Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришти

Казакстандын шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев

 

Казакстандын шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн ант берип, расмий түрдө мамлекет башчы кызматына киришти.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 9-июндагы кезексиз президенттик шайлоодо Токаев шайлоочулардын дээрлик 71 пайызынын добушун алган.

Токаев өлкө президенти катары экинчи жолу ант берди. Анын алкачкы инаугурациясы 20-мартта, өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин өткөн. Ошол эле күнү кызматка киришкен Токаев парламент сенатынын спикерлигине Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеваны дайындаган.

Токаев 11-июнда өткөргөн маалымат жыйынында мурдагы президенттин стратегиясын ишке ашыруунун үстүндө иштей турганын белгилеп, сырткы жана ички саясатта президенттин ролун азайтуу ниети жок экенин билдирди. Анын айтымында, ички саясат биринчи кезекте социалдык маселелерди чечүүгө, ишкерлерди колдоого жана инвестицияларды коргоого багытталат. Мындан тышкары «жарандык коомду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну» убадалаган Токаев Коом ишениминин улуттук кеңеши деп аталган атайын орган түзүү чечимин кабыл алганын жарыялады.

Өз кезегинде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Казакстандагы шайлоого көз салган байкоочулары добуш берүүдө жарандардын «негизги укуктары бузулганын» билдиришти.

Казакстандагы митингдер «Токаев — менин президентим эмес» деген ураандар менен өтүп жатат. Анын катышуучулары шайлоо таза жана акыйкат өткөн жок деп эсептешүүдө. Полиция 9-июндан бери жалпысынан 700гө жакын кишини кармаса, алардын 550сү административдик жоопкерчиликке тартылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52