Ташкентте дарыгерлер ремонт үчүн акча чогултууга милдеттендирилди
Ташкентте Онкология жана радиология борборунун филиалынын ремонт үчүн акча төлөбөгөн дарыгерлери бейтаптарды кабыл алуу жана операция жасоо укугунан ажыратылышы мүмкүн.
Ар бир дарыгер болжол менен ремонт үчүн 150 доллар төлөөгө милдеттендирилген.
Дарыгерлер Теlegram мессенжери аркылуу келген билдирүүнүн скриншотун таратышты.
“Директордон буйрук келди. Кафедрага өз эсебибизден ремонт жасашыбыз керек. Нигара Эргешова экөөбүз усталар менен макулдаштык. Эки кафедранын ремонту 10 000 000 сум (1200 АКШ доллары) болот. Ар бир кызматкерден 1 286 000 сумдан (150 АКШ доллары) чогултуу керек. Жетекчилик буга каршы чыккан дарыгерлердин бейтаптарды кабыл алышына тыюу салынарын эскертти. 2-3 күн аралыгында баардык дарыгерлер акча берүүгө милдеттүү”.
“Азаттыктын” өзбек кызматы онкология кафедрасынын ассистенти Уктам Курбанкуловго байланышканда, ал “эгер менин билдирүүмдү жарыяласаңар, мен силдерди сотко берем” деп опузалады.
Онкология кафедрасынын бөлүм башчысы Нигара Атаханова ремонт үчүн дарыгерлерден акча чогултулуп жатканы тууралуу маалыматты четке какты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38