KELECHEK
rek

Алматыда митингге катышкан эки жалгыз бой эне үй камагына алынды

Алматыда митингге катышкан эки жалгыз бой эне үй камагына алынды

1-июнда Алматы шаардык соту жалгыз бой энелер Жазира Демеуова менен Гүлзипа Жаукерованы үй камагына алуу чечимин чыгарды. Алар өлкөдө экстремисттик деп табылган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын ишмердүүлүгүнө катышкан деп айыпталууда.

Адвокат айыпталуучулардын биринин үйүндө кичинекей неберелери, экинчисинин оорулуу баласы бар экенин айтып, аларга карата үй камагына байланышпаган бөгөт чарасын сураган.

«Демеуованын үйүндө эрезеге жете элек кызы жана эки кичинекей небереси бар. Буга чейин аларды багуу үчүн интернет аркылуу иштеп, кошумча акча таап келген. Бирок тинтүүдөн кийин ноутбугун алып койгондуктан, азыр андай шарты дагы жок. Жаукерованын болсо тогуз жаштагы оорулуу баласы бар. Ал өзгөчө камкордукка муктаж», — деди адвокат.

Ал ошондой эле жалгыз бой энелер оор эмес кылмышка айыпталып жаткандыктан, тергөө иштери аяктаганга чейин аларды үй камагына алуу зарылдыгы жок экенин белгиледи.

Соттун жүрүшүндө Жаукерова менен Демеуова бозгунда жүргөн оппозициячы Мухтар Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына мүчө эмес экенин, бирок анын көп балалуу энелерге жардам берүү жана элдин жашоо-шартын жакшыртуу тууралуу программасын жактыра тургандыктарын айтышты.

Жазира Демеуова менен Гүлзипа Жаукерова 1-майдагы уруксат берилбеген акциядан кийин дагы, 9-майдагы жүрүш маалында дагы кармалышкан. Майдын ортосунда алар Казакстанда тыюу салынган кыймылга тиешеси бар деп шектелип жатканы белгилүү болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53