Помпео: АКШ Иран менен алдын ала шарт койбостон сүйлөшүүгө даяр
Вашингтон Тегеран менен алдын ала эч кандай шарт койбостон эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди. Бирок ал бул үчүн Иран «нормалдуу өлкө катары иш кыларын» көрсөтүшү керектигин белгиледи.
Жекшембиде Помпео Швейцарияда бул өлкөнүн тышкы иштер министри Игнацио Кассис менен жолукту. Анда негизги темалардын бири АКШ-Иран мамилеси болду.
Помпео бул билдирүүсү менен «АКШ расмий Тегеранга сый мамиле кылса гана сүйлөшүүгө даяр экенин» айткан Ирандын президенти Хасан Роуханиге жооп берди.
Ошол эле маалда мамлекеттик катчы Ирандын Жакынкы Чыгыштагы «зыяндуу ишмердүүлүгүн» чектөө үчүн АКШ Тегеранга карата басымын уланта турганын белгиледи.
Былтыр АКШ Иранга 12 пункттан турган шарт койгон. Алардын арасында Вашингтон террористтик деп эсептеген уюмдарды колдоону токтотуу жана ракеталык программасын жыйыштыруу шарттары болгон.
Өткөн жылы Дональд Трамптын администрациясы Иран жана дүйнөнүн алты державасынын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып, бул өлкөгө карата киргизилген буга чейинки санкцияларды калыбына келтирген.
Акыркы апталарда АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиле кескин курчуп кетти. Вашинтон Иран тараптан коркунуч келип жатканын билдирип, Жакынкы Чыгышка кошумча аскер жана аскердик техника жөнөткөнүн билдирүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









