KELECHEK
rek

Жалал-Абадда балдардын майрамы белгиленди

Жалал-Абадда балдардын майрамы белгиленди

Бүгүн, 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы областтык театрдын  алдындагы аянтчада асфальтка сүрөт тартуу сынагы менен башталды. Андан соң көрүүчүлөргө жаш өнөрпоздор тарабынан майрамга карата даярдалган концерттик программа тартууланды.

Бөбөктөргө арналган иш-чарага шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдионв катышып, жаш наристелерди майрамдары менен куттуктады.

- Балдар – биздин келечегибиз, эртеӊибиз.  Балдарга камкордук кылуу – бул коомубуздун туруктуу өнүгүшүнүн башкы шарттарынын бири. Биз ар бир баланын негизги укуктарын камсыз кылуу үчүн аракет кылышыбыз керек. Аларды балалык бакытынан ажыратпай, ар бир балага тынч жана таза коомдо татыктуу тарбия беришибиз кажет. Ошондо гана биздин балдар дени сак, бактылуу, ийгиликтүү өсүп, келечекте кыялындагы бийиктиктерди багынтат. Өлкөбүздө анын ичинде Жалал-Абад шаарында да жылдан жылга балдардын туура таалим тарбия алуусуна жана дени сак болуп чоңоюусуна  зарыл шарттарды түзүү аракеттери көрүлүүдө.  Мындан ары да силерге бекем ден-соолук,  бактылуу балалык жана жаркын келечек  каалайм, -  деди Э. Зияйдинов.

Салтанатта асфальтка сүрөт тартуу сынагынын жана спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеген катышуучуларга диплом жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Эске салсак, бул жылы Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги  балдарды коргоо күнүнө карата 18 жашка чейинки 460 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү,  36 тоголок,  жарым жетим балдарга 500 сомдон акчалай колдоо көрсөттү.

Мындан тышкары турмуш шарты оор жана 2010-жылдын июнь окуяларында ата-энелери жабыр тарткан  балдарга акысыз балмуздак жана шириндиктер таркатылды.

Ага  карата жергиликтүү бюджеттен жалпы  283 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13