KELECHEK
rek

Жалал-Абад: Шаар жетекчилери аярлуу балдардан кабар алышты

Жалал-Абад: Шаар жетекчилери аярлуу балдардан кабар алышты

Балдар – биздин келечегибиз, эртеңибиз. Балдарга карата камкордук бүгүнкүдөй майрамдарда гана, же маал-маалы менен эмес, күн сайын ырааттуу жүргүзүлүүгө тийиш. Бул багытта мамлекеттик бийлик, анын ичинде Жалал-Абад шаары да алардын туура таалим-тарбия алуусуна керектүү шарттарды түзүү  аракетин көрүүдө. 

Бул тууралуу шаар мэри Мураталы Тагаев  ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген наристелерден жана ооруканаларда дарыланып жаткан балдардан кабар алуу учурунда билдирди.

Анда калаа жетекчиси шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын  психоневрологиялык  үйүндө болуп, майрам  ээлерин куттуктап, аларга  ден соолук  каалады. Аны менен катар алып барган акчалай жардам жана  белек-бечкектерин тапшырды. Мындай көңүл бөлүү  үй-бүлөө тибиндеги Ак-Бермет балдар үйүндө, кургак учукка каршы күрөшүү борборунун балдар бөлүмүндө улантылды. Калаанын вице-мэрлери М. Адылбеков, Б. Узакбаев  мындагы балдардын майрамдык шаңына ортоктош болушту.

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги  балдарды коргоо күнүнө карата 18 жашка чейинки 460 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү, 36 тоголок,  жарым жетим, турмуш шарты оор жана 2010-жылдын июнь окуяларында ата-энелери жабыр тарткан  балдарга 500 сомдон акчалай жардам көрсөттү.

Иш-чара  Барпы драма театрынын алдындагы аянтчада сүрөт тартуу сынагы,  көңүл ачуучу концерттик программалар менен улантылды.

Эскерте кетсек,  бул жылы жергиликтүү бийлик  балдарды коргоо күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 283 миң сом акча каражатын бөлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13