Сауд Арабиясында бир нече жардыруу болду
Мусулмандардын эң ыйык шаарларынын бири Мединада, Пайгамбар мечитинин жанында жанкечти-террорчу өзүн жардырып салды. “Аль-Арабия” телеканалынын маалыматы боюнча жардыруу коопсуздук кызматынын имараттарынын айланасында болду.
Окуя болгон жердеги видеотасмаларда күйүп жаткан автоунааны көрүүгө болот. Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча түшө элек.
Буга чейин Сауд Арабиясынын чыгышындагы Катиф шаарында эки жардыруу болду. Дагы бир бомба чоңдугу боюнча экинчи калаа Жеддада, АКШ консулдугунун жанында жарылды. Көбүнесе шииттер жашаган Катифте чабуулдардын бирин жанкечти жасаганы, экинчисинде бомба коюлган унаа колдонулганы айтылууда. Жеддада коопсуздук кызматынын кызматкерлери жакындайын дегенде террорист өзүн унаа токтотуучу жайда жардырып салды. Кызматкерлердин экөө жеңил жаракат алды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56









