Түркмөнстанда полиция мигранттардын туугандарынын телефондорун текшерүүдө
Түркмөн полиция кызматкерлери (архив сүрөт)
Түркмөнстандын Лебап облусунун Саят районунда күч түзүм кызматкерлери Түркияда иштеп жүргөн мигранттардын туугандарынын үйлөрүн кыдырып, телефондору менен сим-карталарын текшерип жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы аймактагы өз булактарына таянып кабарлады.
«Полиция менен Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, Түркияда жүргөн туугандары эмне менен алектене турганын сурап жатышат. Мындан тышкары «байланышка чыгып жатабы? Канча акча жөнөтөт?» деген суроолорду берип, текшерүү үчүн деп телефондору менен сим-карталарын 5-10 күнгө алып кетип жатышат», — деп билдирди булак.
Анын айтымында, Саят районунда укук коргоо кызматкерлери айрым тургундардын телефондору менен сим-карталарын алып кеткенине 15 күндөн ашса дагы, кайтарып берише элек.
Эл аралык укук коргоо уюмдары жарандарынын эркиндигин чектегендиги үчүн Түркмөнстанды байма-бай сындап келишет.
Былтыр мартта Дашөгүз облусунда полиция кызматкерлери текшерүү үчүн деп бюджетте иштеген адамдардын, анын ичинде мугалимдердин телефондорун жапырт чогултуп алышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04