Европа Кеңешинин башчысын Нур-Султанда адам укуктары жөнүндө сүйлөөгө чакырышты
Казакстандыктар өлкөгө иш сапары менен бара турган Европа кеңешинин башчысы Дональд Тускту Нур-Султанда адам укуктары жөнүндө сүйлөөгө чакырышты.
30-майда жарыяланган кайрылуунун авторлору президенттик шайлоонун алдында өлкөдө «адам укуктары, жарандардын эркиндиги бузулуп жатканын» жазышкан. Алар 1-майдагы тынчтык жүрүшүнүн катышуучуларынын кармалышы, алардын камакка алынып, айып пул салынышы, ошондой эле 9-майда социалдык түйүндөр менен жаңылыктар сайттарына бөгөт коюлушун мисал келтиришкен.
«Сиздин көңүлүңүздү казак бийлиги өлкөдөгү адам укуктары тууралуу Европа парламентинин резолюциясы менен АКШ мамлекеттик департаментинин баяндамасына реакция кылбай, эч кандай чараларды көрбөгөнүнө бургубуз келет», — деп жазылган 130дан ашык киши кол койгон кайрылууда.
Мындан тышкары авторлор бийлик сын айткандарды куугунуктоо үчүн «улут аралык кастыкты козутуу» жана «экстремизм» беренелерин көп көлдонуп жатканын белгилешкен. «Ошондой эле профессионалдык ишмердүүлүгү үчүн «Азаттыктын» кабарчысы Сания Тойкен менен «Настоящее время» телеканалынын журналисти Светлана Глушковага карата куугунтук уланып жатат. Мындан тышкары өз пикирлерин эркин айткандыгы үчүн ондогон жарандык активисттер 15 суткага чейин камакка алынышкан», — деп жазылган билдирүүдө.
Авторлор ошондой эле өлкөдө саясий туткундар бар экенин белгилеп, эл аралык уюмдар адилетсиз жана саясий негизде козголгон деп эсептеген сот чечимдерин жокко чыгаруу чакырыктары көңүлгө алынбай жатканын кошумчалашкан.
Казак бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экендиги тууралуу маалыматтарды четке кагып, эч ким куугунтукталбаганын айтып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









