KELECHEK
rek

Түндүк Корея Трамп менен ийгиликсиз аяктаган саммит үчүн дипломаттарын өлүм жазасына тарткан

Түндүк Корея Трамп менен ийгиликсиз аяктаган саммит үчүн дипломаттарын өлүм жазасына тарткан

Быйыл мартта Түндүк Кореянын өзөктүк маселелер боюнча АКШдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ким Хек Чхол менен Тышкы иштер министрлигинин төрт кызматкери өлүм жазасына тартылган. Буга эки өлкө лидеринин саммитинин жыйынтыксыз аяктагандыгы себеп болгон.

Бул тууралуу Bloomberg агенттиги түштүк кореялык басылмаларга таянып билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, Ким Хек Чхол ага чыккынчылык жана АКШ менен кызматташуу айыптары тагылгандан кийин атылган. Мындан тышкары Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын башкы кеңешчиси Ким Ен Чхолго карата катаал шарттарда оор жумуштарды аткартуу өкүмү чыгарылганы кабарланууда.

Түндүк Корея лидери менен АКШ президентинин тарыхтагы алгачкы жолугушуусу былтыр июнда Сингапурда өткөн. Анын жыйынтыгында эки өлкө лидери кол койгон документте Вашингтон «коопсуздук кепилдиктерин», ал эми Пхеньян «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга» убада берген.

Быйыл февралда Ким Чен Ын менен Дональд Трамптын экинчи жолугушуусуХанойдо өткөн. Анда Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан толук баш тартуусу жана Пхеньянга каршы киргизилген америкалык санкцияларды алуу маселелери талкууланган. Бирок жолугушуу ийгиликсиз аяктап, тараптар биргелешкен декларацияга кол коюшкан эмес.

11-апрелде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын «өлкө жарандарын чөгөлөтүүгө үмүт кылып» санкция киргизгендерге карата сокку ура турганын эскерткен.

Ханойдогу саммиттин ийгиликсиз аяктаганына карабастан Трамп Ким менен жеке мамилеси жакшы экенин белгилеп, ортодо дагы сүйлөшүүлөр болоруна ишене турганын айтып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...