KELECHEK
rek

«Акнеттин» президенти камакка алынды

«Акнеттин» президенти камакка алынды

Ички иштер министрлиги «Акнет» ишканасына карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу компаниянын президенти Кубан Ажимудиновду жана анын шериктерин камакка алды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Ажимудиновдон сырткары «Строй Сеть» компаниясынын Л.И. аттуу башкы эсепчиси менен Б.Е. аттуу директору кармалып, Бишкек ШИИБинин тергөө абагына камалды. Тергөө «Строй Сетти» ири суммадагы каражаттарды чыгарып кетиш үчүн түзүлгөн «Акнетке» байланыштуу компания деп эсептейт.

ИИМдин маалыматына караганда, социалдык төлөмдөрдөн жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча сегиз кылмыш иши козголгон. Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) «Акнетке» каршы Жазык кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмү («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу»), 232-беренесинин 2-бөлүмү («Уюмдардын бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качышы»), 253-беренесинин 2-бөлүмү («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») жана 337-беренеси («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу») менен иш козголгонун кабарлаган.

Аталган мекеме тараткан маалыматта айтылгандай, «Акнет» ишканасына байланыштуу кылмыш иши анын акционеринин арызы боюнча козголгон. Арыз ээси компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын билдирген.

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Руслан Абдумажитов менен Кубан Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик чыккан. Былтыр 2018-жылы 19-ноябрда Финансы полициясы Руслан Абдумажитовдун арызы боюнча кылмыш ишин козгогон.

15-апрель күнү Башкы прокуратура Финансы полициясынын тергөө бөлүмү кыскарткан беш кылмыш ишин кайра жандантып, аны иликтөөнү 28-мартта ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53