Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.
Эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.
Мамлекет башчысы кыргыз тарап стратегиялык кызматташтык, достук, биримдик, боордош өлкөлөр ортосундагы жылуу коңшулукту жогору баалап, Казакстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берет.
Кыргызстан жана Казакстандын Өкмөттөрүнүн ортосунда эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери боюнча Жол картасы ишке ашырылууда.
Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевди ал үчүн ыңгайлуу каалаган убагында Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.
Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөлөр ортосундагы мамилелер чыныгы достук мүнөзүнө ээ экендигин белгиледи.
«Бизде өлкөлөр ортосундагы мамилелер жогорку артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген көптөгөн жалпы институттар бар. Биз кызматташтыктын алкагында конкреттүү жыйынтыктарга жетүүгө даярбыз», — деп баса белгиледи Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









