KELECHEK
rek

Кыз ала качуунун, зордук-зомбулуктун курмандыктары эскерилет

Кыз ала качуунун, зордук-зомбулуктун курмандыктары эскерилет

Бишкекте бүгүн кыз ала качуунун, зордук-зомбулуктун курмандыктары эскерилет. Уюштуруучулардын бири Гүлайым Айылчынын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бул күн Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнүн бир жылдыгына байланыштуу тандалып алынды.

«Башкы максат – кыргыз коомчулугундагы мүшкүл тууралуу айтуу. Аялдарды, кыз-келиндерди никеге мажбурлоо маселеси дагы эле бар экенине көңүл буруу. Бир чети Бурулай Турдаалы кызынын жылдыгы. Биз эскерүүнү он гүлүнүн бири ачыла электе ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайга арнадык. Кыз ала качуу, мажбурлап никеге тургузуу сыяктуу терс көрүнүштөргө карата жаза күчөтүлгөнү менен көйгөйдүн тамыры дагы эле кыркыла элек», - деди Гүлайым Айылчы.

Интернетте активисттер элди зордуктун курмандыктарын эскерүүгө чакырып, бир күн бою баш калаадагы Уркуя Салиеванын айкелинин алдына келип, гүл же оюнчук калтырып кетсе болоорун айтып жатышат.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы туура бир жыл мурда, 27-майда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Былтыр декабрда Свердлов райондук соту бул окуя үчүн Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, аны 20 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кескен. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Азыр милиция кызматкерлеринин үстүнөн соттук териштирүү жүрүп жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53