Кыргызстан менен Өзбекстан чек арада биргелешкен ыкчам топторду түзүүгө ниеттенүүдө
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара мекемелери жергиликтүү тургундардын катышуусу менен кыргыз-өзбек чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди чече турган биргелешкен ыкчам топторду түзүүнү пландап жатышат.
Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, бул тууралуу эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин Наманганда өткөн жолугушуусу маалында сөз болду. Анда тараптар чек арадагы абалды жана андагы ыктымал коркунучтарды дагы талкуулашкан.
«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар былтыр эки өлкөнүн чек ара макемелеринин өкүлдөрүнүн жолугушууларынын саны 21 пайызга, чек ара тилкелерин биргеликте көзөмөлдөө учурлары 20 пайызга көбөйгөнүн белгилешти. Жалпысынан өткөн жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы мыйзам бузуулар бир топ азайган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Мурдараак Кыргызстандын Чек ара кызматы 2018-жылы өлкө чек араларында 11 жаңжал катталса, алардын жетиси кыргыз-тажик, ал эми төртөө кыргыз-өзбек чек арасына туура келгенин билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53