KELECHEK
rek

Самаркандда үйүн түрттүрүүгө каршы чыккан жаран өзүнө өрт койду

Самаркандда үйүн түрттүрүүгө каршы чыккан жаран өзүнө өрт койду

18-майда Самарканд облусунун тургуну, үч баланын атасы жер-кадастр ишканасынын кызматкерлеринин көзүнчө бензин чачып, өзүн өрттөдү. Ал алган күйүгүнүн кесепетинен ооруканада көз жумду.

Өрттү өчүрүүгө аракет жасаган 60 жаштагы энеси ооруканада.

Күбөлөрдүн айтымында, 18-майда жер-кадастр ишканасынын үч кызматкери маркумдун турак жайын түрттүрүү үчүн анын үйүнө келген. Ага чейин ал үйүн мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү түзүмдөргө керектүү документтерди тапшырган. Бирок мамлекеттик органдар ага уруксат беришкен эмес. Мындан соң ал каршылык көрсөтүү үчүн өзүнө кол салган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жер-кадастр мекемесинин кызматкерлери анын үйүн түрттүрүү үчүн эмес, кайрылуусун иликтөө үчүн барышканын, ошол маалда ал өзүнө өрт койгонун маалымдады.

Республикалык ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 33 жаштагы киши оор күйүк алгандыктан, аны сактап калууга мүмкүн болбогонун билдирди.

Башкы прокуратура өзүн-өзү өрттөө фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Маркум ишкерлик менен алектенген, артында үч баласы калды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...