KELECHEK
rek

Баткендин Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Баткендин Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Баткен районунун Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Тажик чек арачылары асманга эки ирет ок атканын жергиликтүү тургундар «Азаттыкка» билдиришти. Ушул тапта чек арада 100дөй адам чогулуп турат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева бул маалыматты ырастады. Анын айтымында, бүгүн, 22-май күнү Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагында тажик чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

- Бүгүн, 22-майда аталган мазарга 21-майда жакынын көмгөн жарандар келип, куран окуп жаткан учурда Тажикстандын чек ара кызматкерлери келишкен, - деди мекеме өкүлү. - Алар менен жергиликтүү тургундар кайым айытышып, тажик чек арачыларын көрүстөндүн аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан кезде, кыргызстандыктар тажик чек арачыларынын жолуна аң каза башташкан. Ошол мезгилде тажик чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан.

Гүлмира Бөрүбаеванын маалымдаганына караганда, ушул тапта эки тараптын сүйлөшүүлөрү уланууда. Мындан тышкары жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эл аймакка бийлик башчылары келүүсүн талап кылып турушат.

Исфара шаар башчылыгынын маалымат катчысы Икбол Илёсзода "Фейсбуктагы" баракчасына бул окуя боюнча минтип жазды:

“22-майда эртең менен Кыргызстандын Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Раут-Кавит айылынын 200дөй тургуну кыргызстандык куралдуу чек арачылардын коштоосунда Тажикстандын аймагына кирип келишти. Эскертүү иретинде ок атылган соң, көпчүлүгү чыгып кетишти".

Учурда чек арада кырдаал тынч, чек арачылардын толук көзөмөлүндө.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Эски-Мазар аймагы кыргыз-тажик шарттуу чек арасынан Тажикстан тарапка 150 метр ичкериде турат. Көрүстөндү кыргызстандык тургундар пайдаланып келишкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41