Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн медиафоруму өтүп жатат
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн Медиафорумунун ачылышына катышты.
Медиафорумдун негизги темасы: «Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу».
Мамлекет башчысы баса белгилегендей, ШКУ уюмунун башкы милдеттеринин бири — бул өлкөлөр жана элдердин ортосундагы ишеним жана бири-бирин сыйлоо маанайын жаратуу. Бул милдетти ишке ашырууда массалык маалымат каражаттарына чоң роль тиешелүү.
Форумда ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоева форумдун катышуучуларына ШКУнун башкы катчысы Владимир Норовдун кайрылуусун окуду.
Мындан тышкары, Индиянын, Казакстандын, Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү сүйлөштү.
Эске салсак, Медиафорум Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулду. Ага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү, медиа эксперттер, байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөр чакырылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









