Алматыда ипотекалык карызы бар жарандар бийликти «насыя мунапысын» жарыялоого чакырышты
Алматыда 14 коомдук бирикмеден турган топтун мүчөлөрү өкмөткө кайрылып, көйгөйлүү ипотекалык карызы бар жана аз камсыз болгон насыя алуучулардын укуктарын коргоо боюнча чараларды кабыл алууну талап кылышты.
Мындай талаптарын алар 21-майда бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын Алматыдагы өкүлчүлүгүн имаратынын алдына чыгып айтышты.
Чогулгандар 2004-жылдан 2009-жылга чейинки аралыкта насыя алып, түрдүү себептерден улам төлөй албай калган адамдардын карызын кечүүнү, ошондой эле банктарды карызы үчүн алынган турак-жайларды ээлерине кайтарып берүүгө милдеттендирүүнү талап кылышты. Мындан тышкары демилгечи топ «жарандардын мыйзамдын чегинде өз укуктарын коргоосуна шарт түзүп берүү үчүн» сот системасын реформалоону жана жеке сот аткаруучулар институттарын жоюуну талап кылышты.
«Бул талаптарыбызды президенттик шайлоого чейин аткарууга чакырабыз. Биз конкреттүү аракеттерди күтүп жатабыз. Конкреттүү аракет — биз үчүн насыялык мунапыс», — деди «Арнамыс-5» коомдук бирикмесинин төрагасы Канагат Такеев.
Чогулгандардын талаптарын уккан «Нур Отан» партиясынын шаардык филиалынын өкүлү Борис Жапаров алардын коомдук уюмдардын катышуусунда диалог аянтчасын түзүү сунушу партия жетекчилигине жеткириле турганын билдирди.
«Бизге жүктөлгөн жана силер биз тараптан күтүп жаткан нерселердин бардыгы аткарылат. Бирок биз өкмөттүн чечими үчүн жооп бере албайбыз. Сиздерди эмоцияга алдырбоого жана партиянын шаардык өкүлчүлүгүн өнөктөш катары көрүүгө чакырабыз», — деди Жапаров.
Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнга белгиленген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13