KELECHEK
rek

"Коммерсантъ" журналисттери Орусия сөз эркиндигине татыктуу экенин билдиришти

20-май күнү кечинде "Эхо Москвы" сайтында "Коммерсантъ" басылмасынын журналисттеринин билдирүүсү жарыяланды:

“Ъ” жамааты “Коммерсантъ” Орусиянын саясаты тууралуу белгисиз мөөнөткө чейин маалымат бере албай турганын окурмандарга кабарлап коюуну милдет деп эсептейт. Окурмандар, өнөктөштөр жана жарнама берүүчүлөр бир катар ички саясий окуялар тууралуу сапаттуу жана калыс маалымат ала албай калышат; мындай абал канчага чейин созуларын билбейбиз. Мындай аргасыз тыныгуу 30 жылдык тарыхы бар Басма үйүндө биринчи жолу болуп жатат. Окурмандарыбыдан кечирим сурайбыз.

Балким, окурмандарыбыздын арасында Басма үйүнүн акционерлерине Орусиядагы эң мыкты ММКлардын биринин ишин бузуп жатканын айткандар табылар. “Ъ” иши жалпы коомчулук жана өлкө үчүн маанилүү. Муну кыска мөөнөттүү саясий дивиденттер үчүн бузуп жаткандар Орусиянын тарыхын начар билишет. Биздин өлкө мыкты келечекке, сөз эркиндигине татыктуу деп ишенебиз".

Буга чейин "Коммерсантъ" гезитинин саясат бөлүмүнүн кызматкерлери Валентина Матвиенко жөнүндөгү макала үчүн эки кабарчы жумуштан бошотулгандан кийин иштен кетүү боюнча арыз жазышканын кабарлашкан. Алардын арасында гезитте 90-жылдардын башынан бери иштегендер бар.

Ага чейин "Коммерсанттын" атайын кабарчысы Иван Сафронов жана саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максим Иванов Федерация Кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенконун ыктымал отставкасы жөнүндө макаладан кийин жумуштан бошотулган. Чечимди акционер кабыл алганы кабарланган.

Макала авторлору мамлекеттик кызматтагы өз булактарына таянуу менен Матвиенко азыркы кызматын тапшырып, Пенсиялык фондго кетерин жазган. Федерация Кеңешине Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин барышы ыктымал экени айтылган.

​Бирок Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Матвиенконун ыктымал отставкасы тууралуу кабары жок экенин кабарлаган.

"Коммерсанттын" башкы директору жана башкы редактору Владимир Желонкин редакция Иванов жана Сафронов менен коштошконун, алар редакциялык саясатты бузганын белгилеген.

"Коммерсанттын" башкы редакторунун орун басары Рената Ямбаеванын айтымында, журналисттерди жумуштан бошотуу чечими Басма үйүнүн ээси Алишер Усмонов тарабынан кабыл алынган.

Алишер Усмановдун өкүлү бизнесмендин журналисттердин бошотулушуна тиешеси жок экенин жана редакциялык саясатка кийлишпей турганын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...