KELECHEK
rek

БУУнун баяндамачысы Казакстандагы интернет чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирди

БУУнун баяндамачысы Казакстандагы интернет чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Терроризмге каршы күрөшүү шарттарында адам укуктары менен негизги эркиндиктерин коргоо боюнча атайын баяндамачысы Фионнула Ни Аолэйн Казакстандагы интернет чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирди.

«Бүтүндөй сайттарга, стрим-сервистерге бөгөт коюлду. Мунун бардыгы коопсуздукту камсыз кылуу аракети менен түшүндүрүлүп жатат. Адамдардын жыйын өткөрүү, өз оюн айтуу эркиндиги эл аралык коомчулук тарабынан корголот. Мени коопсуздук максатында деп мындай мыйзамдуу укуктарга чектөө коюлуп жатышы тынчсыздандырууда», — деп билдирди Фионнула Ни Аолэйн.

Казакстандыктар 9-май күнү интернетке кирүүдө тоскоолдуктарга кабылышкан. Эртең менентен тарта өлкөдө «Азаттыктын» казак кызматы баш болгон бир топ маалымат каражаттарынын сайттары, ошондой эле Facebook, Telegram, YouTube жана Instagram ачылбай калган. Анда интернет эркиндигине мониторинг кылган эл аралык NetBlocks уюму бул чектөөлөргө мурдагыдай эле нааразылык акциялар себеп болгонун белгилеген.

14-майда Казакстандын Маалымат министри Даурен Абаев интернетке кирүүдөгү көйгөйлөр боюнча берилген суроого жооп берип жатып, анын мекемеси «байланыш үчүн жооп бербей турганын» жана сайттарга «бөгөт коюуга тиешеси жок экенин» билдирген.

9-майдын алдында казак полициясы күчөтүлгөн иш тартибине өткөн. 8-майда өлкөнүн Башкы прокуратурасы жарандарды уруксат берилбеген нааразылык акцияларга чыкпоого чакырып, алардын катышуучулары жоопко тартыла турганын эскерткен. Ага чейин өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы 9-майда «Өлбөс полк» менен катар митинг өткөргөнү жатканын кабарлаган. Буга байланыштуу ал күнү Нур-Султан, Алматы жана Актөбө шаарларында көчөгө чыккан бир нече киши кармалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53