Абылгазиев: «КТ Мобайл» компаниясы ишке кириши керек
Солдон оңго: Эрназар Иманкадыр уулу, Мухаммедкалый Абылгазиев, Акылбек Жамангулов жана Иманкадыр Рысалиев.
«КТ Мобайл» компаниясы кандай болгон күндө да ишке кириши керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосуна билдирди.
«Бул мамлекеттик долбоор. Аны аягына чейин жеткиришибиз керек. Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айлантып жатканыбыз туура эмес», — деди Абылгазиев.
Өкмөт башчы бул долбоорду өзү колдогонун, маселени иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын тыянагын күтүү керектигин жана туугандары аралашканы жөнүндө маалыматтарды тастыктоо зарылдыгын айтты.
«Бажасы, уулу деп жатышат. Туугандарым аралашканы туура эмес деп ойлойм. Бирок ошонун баарын тастыктайлы», — деди ал.
«КТ Мобайл» - «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.
Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы жөнүндө кеп козголуп, бул жагдайга баа берүү маселеси көтөрүлгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38