Өлкөдө экс-президенттерди жоопкерчиликке тартуу механизмдери кабыл алынды
Президент Сооронбай Жээнбеков «"Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.
2018-жылдын 3-октябрында Жогорку соттун Конституциялык палатасы «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» мыйзамдын 12-беренесинин Конституцияга шайкеш келер-келбесин карап чыкан. Конституциялык палата бул ченем Баш мыйзамдын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнө, тактап айтканда экс-президент ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилде жасаган жосундары үчүн жоопкерчиликке тартуунун жол-жобосу караштырылбаганы үчүн карама-каршы келет деген чечим чыгарган.
Парламент экс-президенттин ишердүүлүгү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү иштеп чыккан. Бир жылдай созулган талкуулардан кийин аны Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алган. Анда экс-президенттин кол тийбестигин алуу кызматтагы мамлекет башчысыныкындай эле татаал жоболор менен ишке ашырылаары жазылган. Бул мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык иштелип чыкты. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөн соң күчүнө кирет. Кыргызстандагы мурунку президенттердин арасынан Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев экс-президент макамын алган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









