KELECHEK
rek

Атамбаев доо койгон юристтер соттон утуп алды

Атамбаев доо койгон юристтер соттон утуп алды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Ата Мекен» партиясынын эки юристине койгон 10 миллион сомдук доосу боюнча Жогорку сот чечим чыгарды. Ага ылайык, Бишкек шаардык сотунун Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарган өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу юрист Канатбек Азиз маалымдады.

Буга чейин Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз жана Таалайгүл Токтакунова боюнча Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарган.

Башкы прокуратура 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «кадыр-баркына шек келтирди» деп сотко арызданган. Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, юристтер 10 миллион сомдук айыпка жыгылган. Атамбаевге материалдык доону өндүрүп бериш үчүн эки юристтин айлыгы түшчү банктагы эсеби жабылган.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылы 17-октябрда «башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугу болмоюнча коргой албайт» деген чечим кабыл алган. Юристтер Конституциялык палатанын ушул бүтүмүнө таянып, ишти кайра кароо боюнча шаардык сотко арызданган.

Токтакунова менен Канатбек Азиз 2017-жылдын март айында Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача-СУ айылына кулаган учактагы жүктүн президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар» деген маалымат тараткан. Атамбаев муну жалган жалаа катары сыпаттаган, ал эми ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева юристтерди сотко берген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53