Метродогу кол салуудан жабыркаган тажик мигранты Орусияга каршы Европа сотуна даттанды
Сулаймон Саидов
2016-жылы Москва метросунда жергиликтүү тургундун кол салуусунан катуу жаракат алып, бир көзүнөн ажырап калган тажик жараны Сулаймон Саидов Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, Орусия бийлигинен компенсация өндүрүп берүүнү өтүндү.
Быйыл жыл башында Тажикстанга кайтып келген Саидов мекенинде дагы дарылануусун улантууга аргасыз болуп жатканын билдирди. «Мен бул жакта дагы дарыланууга аргасыз болуп жатам. Мурдагыдай эле башым жана көзүмдүн айланасы ооруп жатат. Европа сотундагы даттануумда ден соолугума келтирилген зыян үчүн Орусия бийлигинен компенсация талап кылдым», — деди Саидов.
Былтыр Москванын Черемушкина райондук соту ага кол салган 61 жаштагы Сергей Царёвду бейбаштык беренеси менен айыптап, 10 жыл үч айга соттогон. Бирок Саидов анын иши «бейбаштык» эмес, «улутуна карап жек көрүү» беренеси менен каралышы керек болчу деп эсептөөдө.
«Орусия бийлиги адатта мындай кол салууларды улуттук жек көрүүчүлүктөн улам жасалган кылмыш деп баалоодон баш тартып коет. Себеби бийлик өзү коомдо чоочундарга карата жек көрүү сезиминин жаралышына шарттарды түзүп койгон. Ошондуктан улутчулдардын славян эместерге кол салуусу соттор тарабынан көбүнчө бейбаштык катары каралат», — деди «Жарандык көмөктөшүү» комитетинин башчысы Светлана Ганнушкина. Анын айтымында, Саидовго байланышкан бул иште полиция кызматкерлери аракетсиздигин жана шалаакылыгын көрсөттү.
2016-жылы 8-апрелде Сергей Царев метронун вагону «орустар үчүн экенин» айтып, Саидов менен анын жанындагы тууганынын чыгып кетүүсүн талап кылган. Андан соң «ОСА» тапанчасы менен Саидовду курсагына жана башына аткан. Алган жаракатынан улам анын көзү көрбөй калган. Көзүнөн тышкары Саидовдун баш сөөгү дагы сынып кеткен. Дарыгерлер анын башына операция жасап, мээни коргой турган металл пластина коюшкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









