KELECHEK
rek

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

 «КТ Мобайл» ишканасы боюнча депутаттык комиссия түзүүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов кабарлады. Анын айтымында, комиссиянын курамы 16-майда белгилүү болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев ишти баштабай туруп өзүнө ири суммада айлык чегерген «КТ Мобайл» ишканасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү 15-майдагы парламент жыйынында сунуш кылган. Эл өкүлү «аталган ишкананын артында өкмөт башчынын жакын туугандары бар» деген сөздөр тарап жатканын белгилеп, парламент бул маселеге көңүл буруп, компаниянын артында ким турганын иликтеп чыгышы керек экенин айткан.

«КТ Мобайл» - «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.

Көп өтпөй Интернетке «КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары тууралуу маалымат тараган. Компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев бул маалыматты четке кагып, ишканада эң жогорку айлык 157 миң сом, эң төмөнкү айлык 18 миң сом экенин 14-майдагы басма сөз жыйынында билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53