KELECHEK
rek

Тажикстандыктар интернеттин ылдамдыгы кескин төмөндөп кеткенине даттанышууда

Тажикстандыктар интернеттин ылдамдыгы кескин төмөндөп кеткенине даттанышууда

Тажикстандын жашоочулары өлкөдө интернеттин ылдамдыгы кескин төмөндөп кеткенине даттанып жатышат. Мындан тышкары алар эки жумадан бери социалдык түйүндөргө, мессенджерлерге, Google, YouTube сервистерине, ошондой эле ондогон веб-сайттарга кирүүгө мүмкүн болбой жатканын билдиришүүдө.

Тажикстанда буга чейин дагы түрдүү сайттарга, интернет-ресурстарга чектөөлөр киргизилип келген. Өлкөдө айрым көз карандысыз сайттар дээрлик жарым жылдан бери ачылбайт. Буга байланыштуу жарандардын көбү чектөөлөрдү атайын программалардын жардамы менен кыйгап өтө башташкан. Бирок интернет ылдамдыгынын төмөндүгүнөн улам VPN-сервистер дагы начар иштеп жатканы айтылууда.

Өлкөнүн Байланыш кызматы ылдамдыктын азайышы чектөөлөрдү кыйгап өтүүнү каалаган адамдардын VPN-сервистерди колдонуп жаткандыгына байланыштуу экенин билдирүүдө. Ошол эле маалда мекеме өкүлдөрү сайттарга бийлик чектөө койбогонун, бул хакерлердин Бирдиктүү коммутациялык борборго жасаган чабуулдарынын жыйынтыгы экенин белгилешти. Бирок эксперттер сайттарга бийлик бөгөт коюп жатат деп эсептешүүдө.

Күн мурун ЕККУнун ЖМК маселелери боюнча өкүлү Арлем Дезир тажик бийлигин жарандардын издөө сервистерине, социалдык түйүндөргө жана жаңылыктар сайттарына чектөөсүз кирүүсүн камсыз кылууга чакырган.

Өткөн айда президент Эмомали Рахмон интернеттин тарифин жогорулатуу тууралуу Монополияга каршы күрөшүү кызматынын буйругун жокко чыгарган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13