Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-майда Бишкекке ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын 14-жыйынына катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы быйыл Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып жатканын эске салды.
«Бишкекте ШКУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынын өткөрүү Кыргызстан үчүн гана эмес, уюмга кирген бардык өлкөлөр үчүн абдан маанилүү. ШКУнун бардык өлкөлөрү коопсуздук маселесин көңүл борборунда кармоосу зарыл. Учурда дүйнөдө глобалдык айрым терс процесстер жүрүп жатат. Алар чакырыктарды жана коркунучтарды жаратып, ШКУнун аймагына туруксуздукту алып келүү коркунучуна ээ», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы баса белгилегендей, аймакта жарандарды террористтик ишмердүүлүккө тартуу көйгөйү абдан курч болуп турат.
«Бул жарандардын тынчтыкта, эртеңки күнгө ишенимдүү жана жагымдуу атмосферада өнүгүүсүнө тоскоолдук кылууда. Алардын максаты биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына толугу менен карама-каршы келет. Заманбап чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүүдө бир кылка жана системалуу иштөө аркылуу маанилүү жыйынтыктарга жетишүүгө болот. Биргелешкен жана бирдиктүү аракет керек», — деп баса белгиледи Президент.
Ал жогорку деңгээлдеги кызматташтык координациясы ШКУ мамлекеттеринин коопсуздукту курууда конкреттүү жыйынтыктарды алып келээрине ишенимин билдирди. Коопсуздук кеңештердин катчыларынын кезектеги жыйыны быйылкы жылы Бишкекте июнда өтүүчү башкы ШКУ саммитин ийгиликтүү уюштуруу үчүн бекем негиз катары кызмат кылат.
«Биздин Уюм эл аралык көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү глобалдык структура болуп саналат. Биз баарыбыз эл аралык саясий абалдын кандай алмашып, кандай өзгөрүүлөр болуп жатканына күбөбүз. ШКУнун алкагында мындан дагы терең интеграциялашууну улантуу маанилүү деп эсептейм», — деп кошумчалады Мамлекет башчысы.
Ал ШКУнун жаңы катышуучулары — Индия жана Пакистан кызматташууну жаңы, сапаттуу өнүгүү динамикасына алып келгенин белгиледи.
«Биздин кызматташтыктын мындан аркы географиясы кеңейип, Уюмдун баалуулуктарын байытарына ишенем», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.
Катышуучулардын атынан Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Калмуханбет Касымов Кыргызстандын ШКУга ийгиликтүү төрагалык кылуусун каалады.
«Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусунда биз коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык жана аймактык көйгөйлөрдүн актуалдуу багыттарын кеңири талкуулайбыз. Биздин кесиптештердин биргелешкен жемиштүү иши менен Бишкекте өтүүчү негизги иш чарага — ШКУ саммитине карата даярдыктарга байланыштуу көптөгөн маселелерди кароого жана макулдашууга жетиштик», — деди Калмуханбет Касымов.
Президент Сооронбай Жээнбеков жыйынтыгында заманбап чакырыктар жана коркунучтар бардык өлкөлөрдө тынчтыкты бузууга жөндөмдүү экендигин баса белгиледи. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде заманбап коркунучтардын кооптуулугу боюнча толук түшүнүшүү бар.
«Ошондуктан биз биринчи кезекте Шанхай кызматташтык уюмунун бардык чек араларын коопсуз кылууга аракеттенип жатабыз. Биз конструктивдүү пикир алышуу жана актуалдуу көйгөйлөрдү биргеликте чечүүдө ачык позицияны карманабыз. Биздин өлкөлөрдүн ийгиликтүү кызматташтыгы биринчи кезекте өз ара аракеттин натыйжалуулугунан, Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын ишинин координациясынан көз каранды. Мезгил өткөн сайын силердин иштин ролу өсө берет», — деп баса белгиледи Мамлекет башчы.
Президент Сооронбай Жээнбеков Уюмду өнүктүрүүдөгү салымы, ШКУ аймагындагы коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды натыйжалуу иштеп чыгып, турмушка ашырып жатканы үчүн жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









