Экс-депутат Музаффар Исаков 7 жылга соттолду
Жалал-Абад облустук соту парламенттин экс-депутаты Музаффар Исаковду жети жылга камап, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аны айыптагандардын бири, укук коргоочу Анарбай Орозов билдирди.
Облустук соттун басма сөз кызматы чечим 14-майда чыкканын, толугураак маалымат шаршембиде берилерин маалымдады.
Башкы прокуратура 2017-жылы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага «2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган. Исаков мандатын 2018-жылдын 24-декабрында тапшырган.
Жалал-Абаддын Сузак райондук соту ага коюлган «Коррупция» беренесин «Жер мыйзамдарын бузуу» беренесине которуп, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.
Мамлекеттик айыптоо Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, анын жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте тартышын жана үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алууну соттон сураган болчу.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









