KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-майда, Кыргызстанга ШКУ мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы өтүп кеткен Улуу Ата  Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктап,  Кыргызстанда дагы «Өлбөс полктун» жүрүшү өткөнүн, ага өзү дагы катышканын эске салды.

Мамлекет башчысы жакында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити кыргыз-орус кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарганына ишеним билдирди.

Ал Россиянын жетекчилигине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү абдан маанилүү.

«Россия тарап ЕврАзЭБ шарттарына ыңгайлашуунун алкагында техникалык жардам көрсөтүп, бир нече жаңы чек ара заставаларын куруп берди. Жаңы автоунаа жана атайын техникалар келип түштү. Биздин Куралдуу күчтөргө тик учактар жана аскердик техникалар берилди. Мындай жардам терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, ошондой эле региондо жана аймакта туруктуулукту бекемдөөдө мүмкүнчүлүктөрүбүздү арттырат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жылуу кабыл алуусу жана туруктуу жолугушуулары үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековду Жеңиш күнү майрамы менен куттуктап, бул өлкөлөрдүн тарыхында абдан маанилүү күн болуп саналарын, ал эми «Өлбөс полк» жүрүшү дүйнө элдерин бириктирээрин белгиледи.

Николай Патрушев ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында Россиянын позициясын колдогону үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактагы туруктуулукту сактоо, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашышты

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12