Тогуз-Тородо кылмыштуулукту алдын алуу максатында эл менен милициянын жолугушуусу болуп өттү
Бүгүн, 4-июль күнү Жалал-Абад ОИИБнын демилгеси астында орозо айына карата «Мекеним менин - Кыргызстан» долбоору алкагында жаштарды спорт аркылуу ынтымак, биримдике чакыруу, сергек жашоого үндөөгө аны менен бирге кылмыштуулукту алдын алуу максатында эл менен милициянын кызматташуусунун жакшыртуу максатында Тогуз-Торо районунда спорттук мелдеш жана жергиликтүү калк менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, аталган иш-чарада спорттун волейбол, кичи футбол түрүнөн жалпысынан 20дан ашуун команда райондун аймагынан курама командалар келип катышып, алардын арасында мекеме-ишканалардан, укук коргоо органдарынын командалары да катышты. Райондук деңгээлде өткөрүлгөн саамалыкка бүт айыл аймактарынан спорт ышкыбоздору катышып, Жалал-Абад ОИИБгы тарабынан жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана белектер ыйгарылды.
Андан соң, Орозо айына карата жергиликтүү элдин башын кошуп 300 адамга “Ифтарлык” өткөзүлдү. Ага облустун борборунан Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Абдулазиз ажы Закиров, Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын директору Куттумидин Базаркулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Калктын калың катмарынан чогулган бул жыйында Тогуз-Торо эли уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтып, элди ынтымак биримдикке үндөгөн кайрылуулар, тилектер айтылды. Уюштуруучулар тарабынан келген конокторго ак калпак, ак жоолуктар салынып элден ак бата алышты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41