Жалал-Абаддагы өрттөн эки киши жабыркады
Облустук ооруканадан "Азаттыкка" билдиришкендей, өрт өчүрүүчү, Сузак районунун 24 жаштагы тургуну денесинин 50% күйүп, облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Абалы оор. Экинчи өрт өчүрүүчүнүн бети күйүп калып, ооруканага жеткирилген.
Өрт чыккан жерде эки "Тез жардам" жана бир реаномобиль кызматынын автоунаасы күзөттө турат.
Ал эми ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, өрттү өчүрүү үчүн 350 литр көбүк колдонулду, кошумча дагы 500 литр көбүк иштетилет:
"Өрт чыккан жерде өрт өчүрүүчү үч бөлүм иштеп жатат. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын Жарандык коргонуу кызматынан кошумча күч, каражаттар тартылды".
Азырынча өрттүн эмнеден улам тутанганы жана жалын чалган аянттын көлөмү аныктала элек.
Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишкана өрттөнүп жатканы тууралуу кабар 10-май күнү, саат 10:00 чамасында келип түшкөн.
Шаардын бул аймагы өнөр жай тармагы болуп саналат жана сегиз нефтебаза жайгашкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38