Би-Би-Синин журналисти канзаада Гарринин уулу жөнүндөгү билдирүүсү үчүн иштен алынды
Британиянын канзаадасы Гарри, жубайы Меган жана уулу Арчи Харрисон
Би-Би-Си корпорациясы канзаада Гарри менен анын жубайы Мегандын жаңы төрөлгөн наристеси тууралуу «Твиттердеги» билдирүүсү үчүн Би-Би-Си 5 радиостанциясынын алып баруучусу Дэнни Бейкерди жумуштан кетирди.
Ал колдоруна шимпанзе көтөргөн жубайлардын сүрөтүн жарыялап, алдына «королдук наристе төрөт үйүнөн чыкты» деп жазган. Бирок көп өтпөй бул билдирүүсүн өчүрүп салган.
«Жаңы эле Би-Би-Си 5 радиосунан кетиришти», — деп жазды 61 жаштагы журналист «Твиттердеги» баракчасына.
Бейкердин социалдык түйүндөгү 500 миң окурманынын көбү аны расизмге айыпташты. Күн мурун канзаада Гарри менен анын жубайы Меган 6-майда жарык дүйнөгө келген уулу Арчи Харрисонду коомчулукка көрсөтүшкөн. Былтыр канзаадага турмушка чыккан актриса Маркл Меган британ королдук династиясынын тарыхтагы алгачкы африкалык мүчөсү болуп калган.
Би-Би-Синин алып баруучусу анын билдирүүсүндө расисттик маани жок экенин айтып, сүрөт үчүн кечирим сурады.
Журналистикада 1989-жылдан бери иштеп келген Бейкер радиодо күн сайын болчу шоуну алып барчу. «Дэнни – мыкты алып баруучу, бирок ал мындан ары биз менен бул шоуда катышпайт», — деп жазды Би-Би-Синин өкүлү. Ал журналисттин «Твиттердеги» билдирүүсү компания карманган баалуулуктарга каршы келерин белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52