Түркмөнстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Түркмөн-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекет (архив сүрөт)
Түркмөнстан менен Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү кайрадан өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашты.
Эки өлкөнүн чек араларды тактоо боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги жолугушуусу 29-апрелден 5-майга чейин Өзбекстандын Ургенч шаарында өттү.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, жолугушуунун алкагында тараптар буга чейин чек арада аткарылган топографиялык жана геодезикалык иштердин жыйынтыктары менен таанышып, айрым тилкелер боюнча демаркациялык чийиндин долбоорун даярдашты.
Коңшулар ортодогу чек араны тактоо иштерин 2017-жылы мартта жандантып, андан бери эки өлкөнүн өкүлдөрү бир нече жолу жолугушууларды өткөрүшкөн.
Түркмөн-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1621 чакырымды түзөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52