KELECHEK
rek

Душанбеде «Фароз» компаниясынын алдында митинг өткөргөн жумушчулар жазаланды

Душанбеде «Фароз» компаниясынын алдында митинг өткөргөн жумушчулар жазаланды

 «Фароз» компаниясынын алдындагы митинг

Душанбе шаардык соту 29-апрелде «Фароз» компаниясынын алдында нааразылык акциясын өткөргөн адамдарга карата чыгарылган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Алар милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес деп айыпталып жатышат.

29-апрель күнү кечинде баш калаанын Сино райондук соту нааразылык акциянын катышуучуларынын бири Алихон Бороновду 15 суткага, дагы беш кишини он суткага камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Айыпталуучулардын туугандары соттун бул чечими менен макул эмес экендиктерин билдиришти. «Эмнегедир райондук соттун чечимине апелляция берүү үчүн бизге болгону бир гана күн убакыт берип коюшту. Душанбе соту апелляция берүү мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырып койду», - деди Бороновдун туугандарынын бири.

29-апрелде дары чөп терип иштеген ондогон жумушчу «Фароз» компаниясынын Душанбедеги кеңсесинин алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Анда алар компания дары чөп үчүн төлөнчү акчаны азайтып койгонуна даттанышкан.

 «Фароз» компаниясынын директорунун орун басары Исматулло Зиёев жумушчулардын айткандарын четке кагып, дары чөп үчүн төлөнчү акчаны алар менен иштешкен ортомчулар азайткан болушу мүмкүндүгүн билдирди. Анын айтымында, компания Дангар, Гиссар жана Шахринаве аймактарында ферула деп аталган дары чөп терүүгө лицензия алган. Ал белгилегендей, учурда алардын кармаганды миңге жакын жергиликтүү тургун жана 60 ооган жараны иштейт.

«Фароз» түрдүү тармактарда иш алып барган Тажикстандагы эң ири компаниялардын бири болуп эсептелет. Былтыр июнда Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) тажик президентинин күйөө баласы Шамсулло Сохибовго тиешеси бар «Фароз» компаниясы өлкө базарында монополист экенин жана экономиканын бардык кирешелүү тармактарын колго алып койгонун билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53