KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады (ФОТО)

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу толугу менен берилет:

«Кымбаттуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери!

Жолдош жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер, офицерлер жана генералдар!

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктайм.

Бүгүн — совет жоокеринин рухунун бекемдигин, чыныгы патриоттуулукту жана элдердин биримдигин даӊазалаган улуу майрам. 

9-май — элдин сыймыгы жана көз жаш менен келген кубанычы.

Өткөн согуштун алааматы тарыхтын энчисине өтүп, ошол жылдарда калды. 

Ал эми аталарыбыздын чыныгы эрдиги, нукура каармандыгы биздин жүрөгүбүздө жашап келет жана сезимибизде түбөлүк сакталат.

Аталардын эрдиги менен сыймыктануу, алардын элесине таазим этип, урмат көрсөтүү — муундан муунга өтөт, урпактарга жетет. 

Жеңиш күнүн белгилөө менен биз чындык менен акыйкаттык дайыма кыянаттыктан күчтүү болоорун даӊазалайбыз.

Жеңиш күнү — 21-кылымда согушту эӊсегендерге, бир  улуттун же расанын башкалардан өйдө болушун  көздөгөндөргө эскертүү болуп саналат.

Урматтуу мекендештерим!

Согуш майданында биздин аталар жана чоң аталар ыйык максат үчүн — биздин ачык асман алдында, тынчтыкта, ынтымакта жашообуз үчүн курман болушкан.

Алардын эрдигинин артында бир нече муундар жарык дүйнөгө келишип, тынчтыкта жашап жатышат.

Улуу курактагы көптөгөн ардагерлер дале биздин катарда.

Көкүрөгү орден жана медалга толгон ардагерлер — бизге ушул жашоону тартуу кылуу үчүн  канын, жанын аябай, өлүмгө тик карашкан.

Согуш тозогун баштан өткөргөн баатыр жоокерлердин мисалында жаш муунду эр жүрөктүүлүккө жана мекенчилдикке тарбиялайбыз.

Ардагерлер жарандардын ынтымагын, коомдун биримдигин көздүн карегиндей сактоону бизге эстетип турган жандуу эстелик.

Алардын катары суюлуп бартканына жүрөк ооруйт, сезим зыркырайт.

Биздин милдет — аларга ар дайым сый-урмат көрсөтүү жана жалпыбыз менен көңүл буруп, камкордук көрүү.

Урматтуу мекендештерим!

Намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыздын жолу — биздин улуу мурасыбыз, муундан муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз.

Улуу Манастан бери келаткан даӊазалуу жолдун уландысы.

Аталардын  даӊктуу жолун улантуу, жан аябай Мекенди коргоо —  биздин милдетибиз.

Бүгүнкү Жеӊиш күнү ар бир адамга, жалпы адамзатка дагы бир жолу согуштун кыяматын эскертип, дүйнөдө тынчтыктан өткөн дөөлөт жок экенин далилдеп турат.

Жер шарында согуш болбой, тынчтык  орношуна салым кошолу.

Дүйнөлүк коомчулук  менен бирге эл аралык террорго, улуттук жана диний экстремизмге каршы туралы.

Биз коомдун ынтымагын бекемдөөгө жана мамлекеттүүлүктү сактоого милдеттүүбүз.

Биримдигибизди, тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы!

Бул урпактардын алдындагы биздин зор жоопкерчилигибиз.

Бул Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары — аталарыбыздын элесинин алдындагы биздин милдетибиз!

Кымбаттуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!

Тынчтыкта жашап жана өнүгүп жаткан Кыргызстан үчүн жасаган зор эмгегиӊерди ыраазылык менен эстейбиз.

Эрдигиңиздер урпактардын эсинде түбөлүк сакталат.

Эч ким, эч качан унутулбайт!

Сиздерди дагы бир ирет Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайм!

Ден соолукта, бакубат жашоодо бар болуңуздар!

Дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Кудайым өзү колдосун!».

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12