KELECHEK
rek

Өзбекстан менен Орусия АЭС курулушу боюнча келишимге жыл соңуна чейин кол коёт

Өзбекстан менен Орусия АЭС курулушу боюнча келишимге жыл соңуна чейин кол коёт

Өзбекстан менен Орусия атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча келишимге быйыл жыл соңуна чейин кол коёт. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары «Узатом» агенттигинин башкы директору Журабек Мирзамахмудовго шилтеме кылып жазып чыгышты.

«Бул багытта бизде бекитилген план бар. Ага ылайык, келишимге быйыл жылдын аягына чейин кол коюлат», - деди Мирзамахмудов.

Өткөн жумада Өзбекстанга иш сапары менен барган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар АЭС курула турган жер боюнча макулдашууга келишкенин билдирген. Бирок азырынча ал жердин аталышы жашыруун бойдон калууда.

Журабек Мирзамахмудовдун айтымында, АЭСтин алгачкы энергетикалык блогу 2028-жылы, экинчиси 2030-жылы пайдаланууга берилиши керек.

«Биздин божомолубуз боюнча Өзбекстанда электр энергиясына болгон суроо-талап эки эсеге өсүп, 170 млрд киловатт саатка жетет. АЭС бул суроо-талаптын 15-16 пайызын жабат», - деп билдирди «Узатомдун» башчысы.

Былтыр октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусия лидери Владимир Путин Жизактагы АЭСтин курулушуна расмий старт беришкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52