Киев соту «РИА Новости-Украина» агенттигинин жетекчисинин камактагы мөөнөтүн узартты
Кирилл Вышинский сотто. 2019-жыл, март айы
Киев шаардык соту мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталып жаткан «РИА Новости-Украина» агенттигинин жетекчиси Кирилл Вышинскийдин камактагы мөөнөтүн узартты.
Жактоочулар анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүнүшкөн. Бирок сот Вышинскийди кеминде 22-июлга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Кирилл Вышинский былтыр 15-майда «РИА Новости-Украина» агенттигинин кеңсесиндеги тинтүүдөн кийин кармалган. Ошол эле күнү Украинанын Коопсуздук кызматы ал мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталып жатканын билдирген. Анда кеңседе журналисттин «Орусия бүгүн» медиатобу менен түзүлгөн эмгек келишими, ири суммадагы акча жана курал-жарак табылганы кабарланган. Бул берене боюнча күнөөсү далилденсе Вышинский 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал өзү айыптоолорду четке кагууда.
Орусия бийлиги менен Кремлге жакын маалымат каражаттары Вышинскийдин камакка алынышын сындап келишет. Былтыр сентябрда ал Орусиянын журналисттер биримдиги тарабынан Анна Политковская атындагы «Камертон» сыйлыгы менен сыйланган. Вышинский өзү укуктук жардам сурап орус президенти Владимир Путинге кайрылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53