KELECHEK
rek

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары менен ооруктун ардагерлерин куттуктады

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары менен ооруктун ардагерлерин куттуктады

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана ооруктун ардагерлерин 9-Май – Улуу   Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана ооруктун эмгекчилери!

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди  9-Май — Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Улуу Жеңиш күнү- согуштун жана ооруктун ардагерлеринин эрдигин эскерип, таазим этчү күн. Мына 74 жылдан бери биз жыл сайын душманды багынтып, элибизге улуу жеңиш менен кошо бейпил турмушту тартуулаган сүйүктүү ардагерлерибиз менен бирге, алар менен чогуу Жеңиш күнүн белгилеп келебиз. Үч жылдан бери элибиз тарабынан “өлбөс полк” салтанаты  уюштурулуп, көпчүлүктүн колдоосуна татып жатышы биз үчүн чоң сыймык. Анткени, облус аймагынан 30 миңден ашуун эр-азаматтар согушка аттанышкан болсо, алардын 18 миңи кайтпай калган. Алардын ичинен биздин облустан барган 6 жоокер “Советтер Союзунун Баатыры”, 2 жоокер “Даңк” орденинин толук кавалерлери аталышкан.

Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер союзунун баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелиги Жалал-Абад шаарына орнотулуп, жылда эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп келет. Быйыл атабыздын баатырлыгын даңазалаган документалдуу тасма тартылып, 13-май күнү коомчулукка көрсөтүлөт.

Учурда биздин аймакта 46 Ата-Мекендик согуштун катышуучулары жана 75 ооруктун эмгекчилери өмүр сүрүүдө. Аларга быйыл Президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович тарабынан камкордук көрсөтүлүп, өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле Өкмөт башчы, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк, жергиликтүү бийлик тарабынан да материалдык, моралдык жардамдар байма-бай көрсөтүлүп жатат. Президентибиз 2020-жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилөө жөнүндөгү атайын Жарлыкка кол койду. Бул боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, иш алып барып жатат. Анткени аталарыбыздын баатырдыгын баалоо баарыбыздын негизги милдетибиз жана ал урпактан-урпакка кала бермекчи.

Кымбаттуу кадырман ардагерлер!

Кандуу апаат согушта Сиздер өз өмүрүңүздөрдү аябай, жергебизге кол салган душмандар менен аёосуз кармашып, күрөштүңүздөр. Ажалга тике карап, мекенди баскынчылардан сактап, чыныгы эрдикти көрсөтүп, улуу Жеңишти багынттыңыздар. Апааттуу кан майданда ажал отун кечип, биздин келечегибиз үчүн, улуу элдин урпагынын улануусу үчүн кылган зор эмгегиңиздерге баш ийип таазим этебиз жана Сиздер менен сыймыктанабыз.

Сиздер сыяктуу баатырлардын эмгектеринин арты менен өлкөбүз тынч, бакубат жана бактылуулукта өмүр кечирип жатат. Андыктан баарыңыздарга бекем ден-соолук, берекелүү өмүр жана бейпил турмуш каалайм! Жараткан тартуулаган жаркын өмүрдү жагымдуу жашоо менен өткөрүп, жалпы журтчулуктун сыймыгы болуп жүрө беришиңиздерге тилектешмин! Ар бир үйдө наристенин күлкүсү жаңырып, нарктуу карыларыбыз дөөлөттүү өмүр сүрө берсин!

Ар дайым асманыбыз ачык болуп, өлкөбүздү тынчтык жана ынтымак ыроолосун!

Терең урматым менен, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13