Душанбеде Орозодо коомдук тамактануу жайлары күндүз да иштөөгө милдеттендирилди
Душанбе шаарынын кафе жана ресторандары Рамазан айында күндүз дагы иштейт. Мэрия эшигин кечкисин гана ачкан коомдук тамактануу жайларына административдик чара көрүү боюнча токтом чыгарды.
“Душанбеге көптөгөн өлкөдөн туристтер келери күтүлүүдө. Алардын айрымдары жергиликтүү салт-санаа, маданият менен танышуу үчүн улуттук ашканаларды издешет, башкалары сүйүктүү тамагын сунуштай турган жайларга барууну пландашат. Буга байланыштуу тажик борбор калаасындагы кафе, ресторандар күндүзгү саат 11ден тартып иштей башташы керек” деп айтылат мэрия тараткан билдирүүдө.
Бирок бул сунушка кулак төшөбөгөндөр кандай жоопкерчиликке тартылары тууралуу токтомдо так жазылган эмес.
“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчыларынын байкоолоруна караганда, Орозонун биринчи күнүндө коомдук тамактануу жайларынын дээрлик көбү ачык болду, бирок мурдагыга салыштырмалуу кардарлар аз. Душанбедеги түрк ресторандарынын биринин администратору Аниса Каримова Рамазан айында иш графиги өзгөрбөгөнүн айтты. “Ооба, келгендер аз... Адатта Рамазан айында ушундай эле болот. Бирок биз кардарлар азайып кетти деп, ресторанды жаап таштабайбыз”, – деди Аниса.
Айрым коомдук тамактануу жайлары Орозо башталгандан бери аш тизмелерин кайра карап чыгууда. Душанбеде негизинен тез тамактануу жайлары жабык. Соода борборлорунда жана сейил бактарда кишилер аз.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13